Марал Радиосу

«Тынч жашай албасаңар, өлкөдөн чыгып кеткиле». Ташиев кримтөбөлдөргө кайрылды

Кыргызстанда бир дагы уюшкан кылмыштуу топ болбойт, алар толугу менен жоюлат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев өкмөттүн 20-июлдагы жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, бизнеске эч ким басым жасабайт. Жарандар эркин жашап, иштеп жана укуктары корголушу керек. Бир да ишкер себепсиз текшерилбеши керек.

«Менин ушул жерде сүйлөп жатканымды жөнөкөй жарандар эле эмес, кылмыштуу топтордун мүчөлөрү да угуп жатса керек, дагы бир жолу эскертем, президент Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбойт деген тапшырма койгон. Кылмыштуу топтордун жетекчилери Кыргызстанда тынч жашай албайсыңарбы, өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгер өлкөдөн чыкпаган УКТнын жетекчиси болсо, жазаланат» , — деди Ташиев.

Министрлер кабинетинин жарым жылда жасаган ишмердүүлүгү боюнча 20-июлда жыйын өтүүдө.