Марал Радиосу

Президенттин фондунун эсебинен 10 гемодиализ аппараттары сатып алынды

Кыргызстандын президентинин Фондунун каражаттарынын эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды. Бул тууралуу Президенттик админстрациясынан билдиришти.

Президенттин Фондунун каражаттарынын эсебинен өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында гемодиализ аппараттары сатып алынды.

Суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен 10 даана диализ аппараттары жалпы суммасы 16 млн 552 миң 250 сомго алынган.

Учурда Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында төрт гемодиализ аппараты орнотулду. Калган төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлуп, экөө Нарын облусунун Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна өткөрүлүп берилет.