Марал Радиосу

Быйыл Британияга дагы 8 миң кыргызстандык жумушка жөнөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Николас Боулер менен кыргызстандыктарды сезондук жумушка орноштуруу маселесин талкуулады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияда убактылуу сезондук жумушка мыйзамдуу түрдө жумушка алуу Британиянын өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген үч оператор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат.

Келишимге ылайык, 2023-жылга Кыргызстандын жарандары үчүн 8 миң адамга квота бөлүнгөн.

Ушул күнгө карата сезондук айыл чарба кызматкерлеринин программасы боюнча жумушка орношкон кыргызстандыктардын саны 5230ду туздү.