Жети-Өгүздө ушул тапта альвеококкоз жана эхинококкоз илдеттери күч алганы айтылууда. Бул акыркы 10 жылда Кыргызстанда жайылып бараткан эң көйгөйлүү мите курт оорууларынын эң коркунучтуусу. Мал жандыктардан адамга жуккан коркунучтуу илдеттен айыгуу көп акча каражатын гана талап кылбастан, татаал процедуралардан турат. Мал чарбачылыгын жүргүзүүдө жана ит багууда бул ооруну жугузуп алуу коркунучу жогору. Эхинококкоздун адамзатка коркунучу боюнча жогорку категориядагы врач-паразитолог Жумагуль Усубалиева менен маек курдук.
Эхинококкоз менен альвеококкоздун айырмасы
Бул ооруну азыр толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес. Анткени өлкө агрардык өлкө болгондуктан, айлана-чөйрө мите курттардын жумурткалырына аябай бай, тактап айтканда таза эмес. Эхинококкоз — боордо, өпкөдө, мээде, жүлүндө жана башка органда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору. Эхинококкоз менен негизинен кишилер жана үй жандыктары ооруйт. Жалпысынан эхинококк ит, уй, кой, төө, мышык, бөрү, чөө, түлкү, талаа чычкандары жана башка жаныбарлардын ичегисинде мителик кылып, мите ичегиде өсүп жетилет. Андан соң, денесинин бөлүкчөсү жумурткалар менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт. Бөлүнүп чыккан заң тегерегиндеги чөп, бакча, буюмдарды жана башкалар булгайт. Ошондой эле анын көп жумурткалары ылаңдуу иттин жүнүнө жабышып жашайт. Бул мите курт ооруларын эң коркунучтуусу болуп саналат жана жыл сайын 1000ге жакын адам операция болот. Альвеококкоз рак сымал организмди жабыркатат. Ал бир эле жерде болбостон кан аркылуу башка жакка да тарап кетет. Ал эми эхинококкоз тарабайт. Эхинококкоз Кыргызстандын бардык район жана шаарларында бар. Ал эми альвеококкоздун очогу алты райондо бар. Алар: Чоң-Алай, Түп, Ак-Суу, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондору. Ошол эле учурда эң көп Нарын облусунун бардык райондорунда катталат десек болот. Эпидемиологиялык абалы оор райондорго изилдөөлөрдү өткөргөндө 1256 адамдын ичинен 218инде аталган дартка күмөн саноо чыккан. Өлкөдө оорулууга качан гана операция жасалагандан кийин гана «катталды» деп айтылат. Ага чейин бар экени анык болсо да «күмөн саноо» деп берилет.
Эхинококтун жугуу жолдору
Эхинококк жумурткалары ар түрдүү шартка туруштук берип, чыдамдуу келет. Мындан улам, ал айлана-чөйрөдө бир нече айга чейин сакталат да, адамга жана малга оору пайда кылуу коркунучун туудурат. Көбүнчө балдар ит менен ойногондо, митени жугузуп алышат. Оору мындан сырткары ылаңдуу койдун жүнүн кыркканда, митенин жумурткалары менен булганган тамак-ашты жегенде жугат. Кыргызстанда эң көп иттен жугат, ал эми мышыктан жуккан учурлар жокко эсе. Итке бул илдет кайдан жугат десеңиз, итке адам жуктурат. Адамдар кой-эчкилердин боор, өпкө жана ички эттеринен ак бездер чыкканда өздөрү жебей итке ыргытат. Алар иттин ичегисинде бир айдан үч айга чейинки убакта куртту пайда кылат. Алар эхинококк жумурткаларын сыртка чыгарып, адамдарга жана жаныбарларга жуктурганга шарт түзүлөт. Адамдын оозунан ашказанына өтүп барып, кан тамыр менен боорго барат. Ал жердеги фильтрден өтүп кетсе, өпкөгө барып, андан чоң кан тамыр системасына түшсө, кайсы жерге жайгашса ошол жерден өсүп чыга берет. Башкача айтканда кан тамыр жумурткаларын кайсы жерге алып барган болсо, ошол жерден өсүп чыккан учурлар бар.
Оору кантип пайда болот?
Ыйлаакчалар жайгашкан органдар жабыркап, алардын көлөмү, функциясы өзгөрүлүп, оору пайда болот. Башкача айтканда эхинококкоз жайгашкан органында чоңойгон сайын, ал ошол органды кысып, кысылган органдын жайгашуу абалы жана функциясы бузулганда оорунун белгилери адамга сезиле баштайт. Жарандар кой-эчкилерди союуда эрежелерди бузуу менен адамзатка гана зыян келтирбестен, иттерге дагы зыян келтирет. Ошондуктан мал сойгондо калдыктарды иттерге бербестен жерге көмүп, дааратканага салып же өрттөп салыш керек. Өтө эле итке тамак катары бергиси келсе, аны эки саат кайнатып, аны зыянсыздандыргандан кийин гана берүүгө болот.
Адамда жана мал жандыктарда ылаңдын белгилери
Адамдын иммунитетине жараша 10 жылга чейин деле бул ооруну жуктуруп алган жаранда белги бербей жүрө бериши мүмкүн. Көп учурда бул оорулар башка оорулар менен текшерилип келгенде аныкталат. Жарандар качан жана кантип жуктурганын билбей жүрө беришет. Үйүндө ит бакпаган адамдарга деле жугуп калган учурлар көп. Анткени көчөдө жолбун иттер көп болуп, алар бак-дарактарды аралап, арыктагы суулардан ичишет. Иттерден күнүнө 800дөн 1000ге чейин жумурткалар сыртка чыгып турат. Иттер ооруган учурда арыктап, куйруктарын көтөрүп жалашат. Уйларда өпкө катуу жабыркаган учурда узакка созулган дем алуу жана кургак жөтөл байкалат. Бирок, ылаңдын баштапкы мезгилинде белгилер ачык билине бербейт. Бул ылаңда бодо малдарга караганда койлор абдан сезимтал болуп салыштырмалуу көбүрөөк өлүшөт. Ылаңдаган койлордун табити жок болуп, жүндөрү түшө баштайт. Ошондой эле малга мүнөздүү жөтөл байкалат.
Оорунун негизги белгилери кандай?
Эхинококкоздун белгилери алардын жайгашкан жерине, көлөмүнө, санына жараша болот. Боордун эхинококк ыйлаакчасы акырындык менен өскөндүктөн көпкө чейин кишилер өзүнүн ооруганын сезбей жүрө беришет. Ыйлаакча чоңойгон кезде гана боорду чоңойтуп жиберет. Ушул мезгилде оң кабырганын, чемирчектин алды ооруйт. Боор чоңоюп, айрым убакта киндикке, андан ылдый түшүп кетиши мүмкүн. Кээде ыйлаакча боордун ылдыйкы капталында жайгашкан мезгилде, ичтеги шишик колго урунушу мүмкүн. Ушул мезгилде оорулуунун тамакка табити тартпай, алсырап, арыктап кетиши ыктымал. Боор эхинококкозун башка оорулардан айырмалап билүү өтө зарыл.
Кээде эхинококк ыйлаакчасынын өт жолдорун кысуусунан оорулуу саргарып кетиши да мүмкүн. Айрым убактарда эхинококк ыйлаакчасына микробдун кирип кетишинен ал ириңдейт. Мындай учурда адамдын абалы начарлап, дене ууланат, оорулуунун температурасы көтөрүлөт. Өз убагында операция жасабаса эхинококк ыйлаакчасы жарылып, өлүм коркунучу туулат. Мында ич өтө катуу, кол тийгизбей ооруйт, көңүлү караңгылап, өңдөн азат.
Эхинококк ыйлаакчалары боордо эле өспөстөн, кээде бир эле убакытта өпкөдө, көк боордо, ичегилерде, карында жана башкалар болушу мүмкүн. Өпкөнүн эхинококкозунда эхинококк ыйлаакчасы боордукунан тез өсөт. Бир-эки жылдын ичинде эле чоңоюп кетет. Өпкө эхинококкозунда алгачкы убакта анчейин деле белгиси байкалбайт. Кээде анча-мынча жөтөл болушу мүмкүн. Ыйлаакча чоңойгон сайын өпкөнү кысып, оорулуу жөтөлөт, кээде кан аралаш какырат. Оорулуунун дем алуусу начарлап басканда, оор жумуш аткарганда демигет. Ыйлаакча жайгашкан өпкөдө оору пайда болот.
Жаш балдардын денесинин температурасы көтөрүлүп, жөтөлөт, ынтыгат. Өпкө эхинококкозу абдан чоңоюп кеткен убакта өпкөнү иштен чыгарып, оорулуунун абалын начарлатат. Эң кооптуусу ал жаралып кетсе, башка органдарды да каптайт. Ошондуктан жаш балдарды илдет аныкталаганда анын активдүү кыйымылын азайтып, керек болгон учурда көтөрүп жүрүү керек. Дарылоодо жалгыз гана хирургиялык ыкма колдонулат. Ар бир каттлаган учур учетко алынып, 3 жылга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.
Оорунун алдын алуу жолдору
Оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларды багууда ветеринариялык эрежелерди туура сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керек. Ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көөмүп салуу, өрттөө, дааратканага ыргытуу сунуш кылынат. Иттерди үч ай сайын ветеринариялык көзөмөлдөн өткөрүп, ага каршы дары берип туруш керек. Дары берген учурда итти 72 саатка байлап же камаш керек. Дары ичкенден кийин иттин ичи ооруп заң чыгарат. Чыккан заңды өрттөп жак кылуу талап кылынат. Ошол эле учурда ит байланып турган жер кайнак суу менен жуулуп, тазаланышы керек. Жарандар өздүк гигиенаны таза сактап, колду самындап жууп, мөмө-жемиштерди аккан сууга жууп, керек болгон учурда кайнак сууга чайкап жеши керек болот. Ошондой эле арыктан аккан сууну ичпеш керек, башка суу жок болгон учурда сууну кайнаткандан кийин гана ичүү сунушталат.