Марал Радиосу

Опера жана балет театры күзгө чейин ачык асман алдында концерт уюштурат

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры июль жана август айларында имараттын сыртында концерт берет. Балет бийчилери классикалык жана заманбап хореографиялык номерлерди тартуулашат.

Концерттер саат 19:30да башталат. Программа:

Фортепиано астында опера солисттеринин концерти 2-6-13-20-27-июль күндөрү, 3-10-24-31 август.

Кылдуу камералык оркестрдин концерти 1-5-12-19-26 июль күндөрү, 2- 9-16- 23-30 август.

Опера жана балет солисттеринин концерти 7-8-14-15-21-22-28-29 июль күндөрү, 4-5-11-12-18-19-25-26 август күндөрү.