Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды. Алар жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого колдонулат.
Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Былтыр Транспорт министрлигине 32 даана жол-куруу техникалары тапшырылса, быйыл атайын техникаларды алууга республикалык бюджеттен 5 миллиард сом каралган. Ошондой эле башка долбоорлорго 6 млрд сом бөлүнгөн.
Садыр Жапаров иш-чаранын жүрүшүндө жолчуларды өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана ак ниет иштөөгө чакырды.
Белгилей кетсек, мындан бир ай мурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылган.