Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Венгрияда алтын утту

Кыргызстандык балбан, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты.

Кыргызстандык балбан алтын үчүн кармашта болгариялык Биляна Дудова менен кез келип, аны 2:1 эсебинде утту.

Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.