Марал Радиосу

Блогер Улукбек Карыбек уулу кармалды

Милиция блогер Улукбек Карыбек уулун кармап, Ош шаарына алып кетти.

Бул тууралуу блогердин фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазылып, кармалганын тастыктаган сүрөт жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, Улукбек Карыбек уулуна бейбаштык боюнча иш козголду.

Укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.