Марал Радиосу

Күбө: Чүйдүн жашоочулары суу маселесине байланыштуу топтолду

Бишкектин Түштүк Магистраль көчөсүндө 50дөй тургун суу маселесине байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу «Марал» радиосуна күбөлөр кабарлады.

«Азаттык» жазгандай чогулгандар Сокулуктагы Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары.

Алар үч айдан бери таза суусуз отурганын, бул маселе тез арада чечилбесе, жолду бууганга чейин бара турганын эскертти.