Марал Радиосу

«Ош» базарынын аймагындагы башаламан соода пункттары алынды

Бишкектеги «Ош» базарынын аймагындагы башаламан соодага каршы текшерүү жүргүзүлдү. Мэриянын маалыматына караганда, базардын аймагындагы тротуарларда, жолдордо башаламан соода жүргүзүүгө тыюу салынган.

Ыкчам топ базардын чектеш көчөлөрүндө рейд жүргүзүп, 50гө жакын мыйзамсыз соода пункттарды жойду, 40тан ашык башаламан сооданын элементтерин: темир столдорду, отургучтарды, кол чатырларды жана таразаларды алып салышты.