Марал Радиосу

Парламентке депутат болууну каалаган 4 талапкер БШКга арыз таштады

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга 14-июлга карата 4 талапкерден арыз түштү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев жана Роман Ремнёв.

Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.

Бул жолку кайра шайлоону өткѳрүүгө жалпы 13 208,8 миң сом бөлүнгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Exit mobile version