Connect with us

Ошто 50 жаштагы жаран апийим менен кармалды

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 426 | 0

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 50 жаштагы жаран апийим менен кармалды. Тартип сакчыларына Кара-Суу районунун Фуркат айылында белгисиз жаран баӊги каражаттарын жанында алып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында Өзгөн районунун 50 жаштагы Г.Н. аттуу тургуну кармалган. Шектүү кармалган учурда анын жанынан өзгөчө жыты бар заттар алынган. Алынган заттарга тергөө кызматы тарабынан соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 0,78 граммды түзгөн  «гашиш”» жана 1 кг 790,42 граммды түзгөн «апийим» баӊгизаттары экендиги аныкталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, салмагы 22,5 гр өзгөчө жыты бар баңгизат алынган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин  282-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде козголгон кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM