Марал Радиосу

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдардын саны көбөйтүлөт

Оштон Ысык-Көлгө каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Кыргызстандык Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы 28-июлдан тарта Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамды ачат. Муну менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу аба каттамдары көбөйөт. Каттамдар жумасына бир жолу — жума күндөрү аткарылат.

Tez jet авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу — шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.

Exit mobile version