Марал Радиосу

Маматов: Электрондук шайлоо киргизсек, саясатчылар добуш сатып алууга өттү

«2015-жылы шайлоо процесстери татаалдашып, электрондук шайлоо системасын киргиздик. Барын системалаштырсак саясатчылар элге чыгып кетти. Саясатчылар элди бузуп добуш сатып алууну башташты. Кайсы саясатчынын баштаганын баарыбыз билебиз, акчасы барлар баштаган». Мындай пикирин БШКнын мүчөсү Канат Маматов билдирди.

Анын айтымында, БШК шайлоолорду ачык-айкын өткөрүү системасын түздү, бирок коррупциялык процессттер сыртта жүрүп жатат.

«2015-жылдан «бир шайлоочу, бир добуш» деп ачык-айкын шайлоо өткөрүү процессине келгенибиз менен сыртта эмне болуп жатканын карай албай жатабыз. Шайлоону БШК гана өткөзбөйт, биз БШКнын 12 мүчөсү эмне кыла алабыз. Бул жалпы мамлекеттик органдар, саясатчылар, эл түшүнүп, көзөмөлдөй турган процесс. Президент маңдайына отургузуп алып, «добуш сатып албагала» деп айтып жатса, чыгып туруп добуш сатып алып жатат. Элде дагы патриоттук сезим болушу керек, добушту 1000 сомго сатуу туура эмес», — деди ал.

Мындан сырткары ал бул комплекстүү маселе экендигин белгилеп, өзгөрүү үчүн бир топ убакытты талап кыларын кошумчалады.

Exit mobile version