Марал Радиосу

Улуттук банк валюта базарына 43,5 млн доллар сатты

Улуттук банк эки айдан бери биринчи жолу интервенция жасады. Маалыматка караганда, банк валюта базарына 43,5 млн доллар сатты.

Жыл башынан бери Улуттук банк долларды сатуу боюнча жалпысынан 546 миллион 995 миң долларга он жолу интервенция жасады.

Интервенция сомдун долларга карата курсун туруктуу кармоо үчүн жасалат. 13-июлга карата доллардын расмий курсу 87 сом 86 тыйын деп белгиленди. Коммерциялык банктарда 88 сомго жетүүдө.

Exit mobile version