Марал Радиосу

Каныбек Туманбаев: Цирктин имараты беш айда оңдолуп бүтөт (видео)

Келерки жумада А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти капиталдык реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, имарат 1976-жылы курулгандан бери бир да жолу ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес. Долбоорго ылайык, цирктин имаратын оңдоого беш айдай убакыт талап кылынат.

Туманбаев цирктин кызматкерлери келе жаткан жумада үч айга эс алууга чыгарын кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент өткөн аптада циркке күтүүсүздөн барып, жеринде имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышкан.

Мамлекет башчысы жамаат менен болгон маегинде циркти капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаттары бөлүнүп, жакынкы арада оңдоо иштери башталарын белгилеген.

Exit mobile version