Марал Радиосу

«Сапаттын» окуучусу эл аралык олимпиадада коло медаль утту

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34- Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды.

Олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышты. Ар бир өлкөдөн 4 окуучудан турган команда жиберилет.

Кыргызстандын командасы:

  1. Эльбрус Тажибаев – команданын лидери жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;
  2. Даян Мэлисов – машыктыруучу жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;
  3. Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейи, 10-класс;
  4. Алай Алмазов, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс;
  5. Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс;
  6. Азирет Анварбеков, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 10-класс.

Биология боюнча эл аралык олимпиада — 15 жаштан 21 жашка чейинки мектеп окуучулары арасындагы биология боюнча илимий жарыш.

Ал 1990-жылдан тарта жыл сайын июль айында өткөрүлөт. Кыргызстан бул олимпиадага 1994-жылдан бери катышат.

Мындан сырткары Кыргызстандын 6 окуучудан турган математика боюнча командасы Японияда өткөн 64-Эл аралык олимпиадага катышып келди. Команда жалпысынан 79 упай топтоп, бирок медалга жетпей калды.

6 окуучу олимпиадага катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланды.

  1. Корнияш Фёдор, Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 7-класс – 17 упай;
  2. Асанкадыров Айдин, Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 9-класс – 15 упай;
  3. Дүйшөбаев Нуртилек, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – 13 упай;
  4. Бобрус Ян, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 7-класс – 12 упай;
  5. Искандеров Эльдар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – 11 упай;
  6. Аскербеков Тилек, “ЮВИС” (UWIS) Эл аралык мектеби, 12-класс – 11 упай.

Exit mobile version