Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча иштер аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияровго таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.
Эки өлкө ортосундагы тиешелүү макулдашуу 4-июлда күчүнө кирди. Макулдашууга 2022-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол коюп, парламенттер ратификациялаган.
Бул келишимдин күчүнө кириши – Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча 19 жылдык процесстин толук аяктаганын билдирет. 2357 чакырымга созулган чек арага 1301 чек ара белгиси орнотулду.
«Бул окуя чек ара аймактарындагы коопсуздук менен туруктуулукту бекемдеп, эки тараптуу жана аймактар аралык өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө түрткү болот», – деди ТИМ өкүлү.