Марал Радиосу

Быйыл билим берүү тармагына 65,3 млрд сом бөлүнөт

Быйыл билим берүү тармагына 65,3 млрд сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат 2020-жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйгөн.

Билим берүүгө бөлүнгөн каражаттарга токтоло турган болсок, 2019-жылы 32,6 млрд сом же ИДПга карата 5,5% болсо, 2020-жылы 36,2 млрд сом же 6,0%. Ал эми 2021-жыл — 40,7 млрд сом же 5,6%, 2022-жылы 63,2 млрд сом же 6,9% бөлүнсө, 2023-жылы 65,3 млрд сом же ИДПга карата 7,0% каражат бөлүнөт.

Мындан тышкары, билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө  кражаттар бөлүнгөн. Капиталдык салымдар боюнча 2019-жылы 1,9 млрд сом бөлүнсө, 2020-жылы 1,2 млрд сом бөлүнгөн. Ал эми 2021-жылы 1,9 млрд сом 2022 -жылы 5,7 млрд сом сарпталган.

Exit mobile version