Марал Радиосу

Быйыл сууга чөккөндөрдүн саны 33%га өстү

Жыл башынан ушул күнгө чейин (10-июль) сууга чөккөн адамдардын саны 60ка жетти. Алардын 41и жай мезгилинде сууга чөгүп, өмүрүнөн айрылгандар. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 33%га өскөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдааладар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, суудан ажал тапкандардын 56%ы эркектер, 31%ы 12 жашка чейинки балдарды түзөт. Кырсыктын негизги себеби катары сууга түшүүгө тыюу салынган канал, көлмө, дарыя, суу сактагычтарга түшүү жана мас абалында суунун жээгинде эс алуу болуп саналат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын суу коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабай, жарандар кайдыгер мамиле кылып келишет.

Министрлик сууга түшүү эрежелерин билүүгө чакырат:

  • Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
  • Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;
  • Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат.
  • Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
  • Баланы суу боюнда кароосуз калтыруу туура эмес;
  • Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
  • Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
  • Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;

Сууда сүзүүнү билбегендер үчүн кеңеш:

  • Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса, адам өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүнчүлүк түзүлөт;
  • Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат;
  • Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот;
  • Эгер сиз чарчап турсаңыз, ачка болсоңуз, суусап турсаңыз, ооруп айыксаңыз, спирт ичимдиктерин ичсеңиз сууга түшпөй койгонуңуз дурус.

Exit mobile version