Connect with us

Күн ысыкта жолго чыккан оор жүк ташуучу унааларга 230 миң айып пул салынды

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 858 | 0
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1-июлдан 10-июлга чейин ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга карата 15 протокол түзүлдү. Аларга 230 миң 500 сомго айып салынып, жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу 21 миң 520 сомду түздү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Буга чейин 1-июндан 1-июлга чейин эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 градус жана андан жогору болгондо 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга автомобиль жолдорунда жүрүүгө убактылуу тыюу салынган.

Жолдордун талкаланышына жол бербөө максатында текшерүү иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM