Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Учурда мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерине Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык объектилерди жана ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай курууну пландоодо.