Бүгүн, 11-июлда Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылыш аземи болду. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты.
Буга чейин мамлекет башчынын Жарлыгы менен Айбек Артыкбаев Кыргызстандын аталган өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси боулп дайындалган.
Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылышына тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.
Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголияга мамлекеттик сапары менен барды.