Connect with us

Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту түзүлдү

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 314 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, «Алдын алуучу медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмеси Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту болуп кайра аталды.

Мындай чечим президенттин жарлыгына ылайык, ошондой эле аймактын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган профилактикалык медицина чөйрөсүндө илимий-практикалык жана билим берүү ишин өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Ошондой эле Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун уставы бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM