Марал Радиосу

Өзбекстандын Кокон шаарына Баткенден гумжардам жеткирилди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер, Өзбекстандын Кокон шаарына 100 тонна цементти гуманитардык жардам катары жеткиришти.

Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн айда Кокон шаарынын борбордук базарында ири өрт кырсыгы катталып, жергиликтүү тургундардын да турак жайлары жабыркаган.

Exit mobile version