Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-июль саат 08:00дөн 13-июль саат 08:00гө чейин Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы – Панфилов көчөсү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.
Суу берүү алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу токтотулмакчы. Иш-чара таза суу системасын келерки сезонго даярдоого, шаардын бардык тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат.