Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 10,5 млрд куб метр суу бар

Бүгүн, 10-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 495 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 659 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 437 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Exit mobile version