Марал Радиосу

Куралды этиятсыз колдонуудан бир аскер каза болду

Куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен 35524-аскер бөлүгүнүн контракт менен кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери каза болгон.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Exit mobile version