Connect with us

6 килограмм синтетикалык баңги зат менен 22 жаштагы жаран кармалды

Кыска кабар | 10 Июл 2023 | 408 | 0

Эл аралык баңги синдикатынын мүчөсү 2001-жылы туулган жаран 6 килограмм баңги зат «мефедрон» менен кармалды. Бул тууралуу 10-июлда ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы маалымат берди.

Аталган кызмат УКМК менен биргеликте атайын психотроптук зат «мефедронду» жүгүртүү каналын жабуу боюнча операция жүргүзүшкөн.

Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 2001-жылы туулган С.И. таандык «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда унаанын арткы отургучунун астынан салмагы 6 кг 111 граммды түзгөн 24 даана ак түстөгү кристаллдык зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында жогоруда алынган заттар мефедрон психотроптук зат экени аныкталган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болуп, ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азиядагы ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталган. Бул баңги синдикатынын катышуучулары баңгизатты интернет аркылуу сатышкан.

Кызматтын маалыматы боюнча, колго түшкөн баңги заттын жалпы баасы 33 миллион сомдон ашмак.

Күч түзүмдөрүнүн макулдашылган иш-аракеттеринин аркасында өлкө аймагында мефедрон психотроптук затынын 42 миңден ашык дозасын жайылтууга бөгөт коюлду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM