Марал Радиосу

Жарандарды 10 млн сомго алдаган каржы пирамидасын уюштуруучусу кармалды

Сокулукта каржы пирамидасын уюштуруп, жарандарга 10 млн сомдон ашуун чыгым келтирген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, июндун аягында Сокулук райондук милициясына арыз менен Кун-Туу айылынын А.Ж. аттуу тургуну кайрылган. Ал арызында кармалган аял «кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем» деп алдап, 187 миң сом акчасын котортуп алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Арыз Сокулук милициясына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда кармалган жарандын Whatsapp мессенджери аркылуу улуу курактагы адамдардан турган бир нече тайпаларды түзүп, аларды алдоо жолу менен акчаларын котортуп алгандыгы аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө алдап алынган акча каражаты 10 млн сомдон ашык экени такталды. Ошондой эле кармалган жаран 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилди. Сокулук райондук сотунун чечими камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо, Сокулук райондук милициясына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот: 03134 53380, 0706 360006, 0552360006 (Whatsapp), 0700343803.

Exit mobile version