«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат жана каттамдарда кечигүүлөр болгон жок. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Кечээ, 7-июлда Тамчы айылында мөндүр аралашкан жамгыр жааган. Мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада «Ысык-Көл» аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен.
Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген. Аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткендиги боюнча социалдык баракчаларды видеолор тараган.