Марал Радиосу

Караколдо изделип жаткан кыздардын сөөгү табылды

Бүгүн, 07-июлда саат 08:50дө Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы сугат каналынан 2 кыздын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 6-июлда Каракол шаарында Чкалов №65 көчөсүндө 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н. Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине Каракол шаардык куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, ӨКМДин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер  тартылган.