Бүгүн, 6-июлда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында «алтын сертификат» алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарын тапшырат.
Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз көрсөтүлөт.
Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өткөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.
2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алуу укугуна 54 окуучу ээ болгон.