Connect with us

Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 315 | 0

Президент Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат.

Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун Эрдэнэ, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашат.

Улан-Батор шаарына болгон сапардын алкагында Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот. Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен декларациясына, ошондой эле экономика, санариптештирүү, айыл чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, токой экосистемаларын өнүктүрүү ж. б. чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын, Чүй облусунун жана Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү боюнча макулдашууларга кол коюшат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM