Connect with us

Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөсү «Чач» кармалды (видео)

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 1059 | 0

Кечээ, 5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде «Чач» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү М.Э.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал ИИМдин «АБД-ТОР» каттоосунда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат. Мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн «смотрящий» деп аталган.

Аталган жаран коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармоо учурунда кармалган жарандын жанынан 10 граммга жакын «гашиш» заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген.

Азыр ал УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында камалууда.

УКМК кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына (03722) 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну сурайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM