Марал Радиосу

Үй тибиндеги бала бакча иштеткен 190 кишиге салыктык эрежелер үйрөтүлдү

Мамлекеттик салык кызматы үй тибинде бала бакча ачып иштеткен 190 жаранга ишкердик негиздерин үйрөттү. Бул иш-чара «Мамлекеттик акселераторлор» долбоорунун алкагында уюштурулуп, калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Салык кызматкерлери башка мамлекеттик органдар менен биргеликте салыктык каттоо процесси менен арыз берүүдөн баштап тиешелүү документтерди алууга чейин тааныштырышты. Ошондой эле, салык режимин тандоо, ишкерлер үчүн жеңилдиктерди жана башка салык эрежелерин колдонуу боюнча маалыматтар берилди.

Турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат.

Мындай ишкерлер Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчетту тапшыруудан бошотулган. Жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

Алар ошондой эле киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда, алар жыл сайын 1-апрелге чейин көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтарды жана 1-майга чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерге кызмат көрсөткөн жеке жактар (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштешет.

Exit mobile version