Марал Радиосу

Кытайдын жогорку окуу жайларында акысыз окууга 10 кыргызстандык өттү

КМШ Стипендиялары программасынын алкагында Кытайдын жогорку окуу жайларына 10 кыргызстандык өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда кытай элчиси министр Иманалиевге Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырды.

Элчи Кыргызстандан барган студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларында билимин мыкты көрсөткүчтөр менен улантып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, элчи Ду Дэвэнь 13-июлдан 25-июлга чейин Кытайда уюштурула турган жайкы лагерге кытай тарап эки окуучуну бир коштоочусу менен чакырып жатканын кабарлады.

Министр Каныбек Иманалиев Ду Дэвэнге жагымдуу жаңылыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жайкы лагерге бара турган окуучулардын тизмеси 1-2 күндө такталып, жибериле тургандыгын айтты.

Exit mobile version