Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отурумунун алкагында кыргыз-азери бизнес-форуму 26-июлда Чолпон-Атада өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Бизнес-форум эки өлкө ортосундагы бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда мамилелерди орнотуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.
Анда туризм, өнөр жай, айыл чарба, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу, маркетинг жана консалтинг сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүндө сөз болот.
Форумга катталууга шилтеме: https://forms.gle/42G6WGQm6qRmoxBJ7