Connect with us

Муфтий баланы эненин атына каттоо боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 1950 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев баланы эненин атына каттоо боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланы ким төрөгөнү айдан ачык. А бирок ата-тегин да билүүсү өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.

«Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекетте уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген. Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат. Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө балдардын майып төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт. Ыйык Куран баланы өз атасынын аты менен чакырууну насаат кылат: «Аларды (балдарды) өз аталарынын аты менен чакыргыла. Ошол Алланын алдында адилеттүүрөөк…» («Ахзаб» сүрөсү, 5). Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кыямат күнү атанын ысымы менен чакырылары тууралуу кабар берген: Абу Дардадан риваят: «Албетте силер кыямат күнү өз ысымыңар жана атаңардын аты менен чакырыласыңар. Ошондуктан жакшы ысым койгула». Атасын билбегендер «жети атасын билбеген жетесиз кул» деп катуу айыпталган. Кыргызда «тексиз кул» дегенден өткөн оор сөз болгон эмес. Улуттук каада-салтыбызда «жети атасын билүү» деген генеологиялык алтын эреже бар. Бул принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет», — деп айтылат муфтийдин билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда муфтий бул энени басынтуу эмес экенин, динде аялзаттын даражасы бийик турарын белгилеген. Ошондой эле энесине каттоо баланын психологиялык жактан травма алышына, коомдун басмырлоосуна кабылтышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM