Марал Радиосу

Баланы эненин атына каттоо чуу жаратты

Конституциялык соттун баланы эненин атына каттоо боюнча чечими коомчулукта талаш жаратты. Консот активист Алтын Капалованын кайрылуусуна «бала 18 жашка чыккандан кийин паспортко «атасынын аты» деген графага атасынын же эненин атын жазууну тандоого укуктуу» деп жооп берген. Капалова сотко бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү өтүнүчү менен кайрылган эле. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын кайрылуусу боюнча Үй-бүлө кодексинин (63-беренесинин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдик-укуктук актыларын карап, ал Конституцияга каршы келбейт деп тапкан.

Тагыраагы, бала 18 жашка чыккандан кийин паспортко «атасынын аты» деген графага атасынын же эненин атын жазууну тандоого укуктуу болот.

Кыргызстандын мыйзамдары улуттук каада-салттар боюнча да, советтик калыптанып калган система боюнча да өз атын, фамилиясын, атасынын атын коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыздын улуттук каада-салты боюнча ат коюунун тартиби («уулу, кызы, тегин» деген жазуу менен) өзгөрүүсүз калган. Ошол эле учурда баланы атанын же эненин атына каттоо маселеси — балага эң жакшы шарттарды түзүү менен байланыштуу. Баланын укуктары ата-эненин укуктарынан жогору жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Ал эми салттуу коомдо балага атасынын ордуна эненин атын берүү ар кандай кодулоого жол ачышы мүмкүн болгондуктан, арыз канааттандырылган эмес.

Капалова бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко быйыл февралда кайрылган. Ага чейин балдарынын күбөлүгүндөгү «атасынын аты» деген графага өзүнүн атын жаздырган Капалованын иши Жогорку Сотто каралып, документтерди жокко чыгаруу чечими күчүндө калтырылган.

Конституциялык соттун чечими Башмыйзам боюнча туура чечим болгонун юрист, укук коргоочу Эржан Кайыпов белгилеп, буларга токтолду:

«Бул жерде сот эмнеге таянып чечим кабыл ала турганын терең кароо керек. Конституциялык сот улуттук салттын негизинде эмес, шарияттын негизинде эмес, жалгыз Башмыйзамдын негизинде чечим кабыл алат. Коомчулукта медициналык, диний, улуттук наркка таянып, негиздүү жүйөлөрдү айтып жатышат, бирок сот ага карабайт. Конституцияда улуттук нарк боюнча «мамлекет адам укугун жана эркиндигин кемсинтпеген наркты жана үрп-адаттарды сактоо менен маданияттын өнүгүүсүнө камкордук көрөт» деп жазылып турат. Адам укугу боюнча карай турган болсок, «Кыргызстанда эч ким жынысы боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. Эч ким аял же эркек болгону үчүн кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ боло албайт» деп жазылат. Ошол эле Башмыйзамдын 24-беренесинин 3-пунктунда «аялдар жана эркектер бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ» деп жатат. Демек, азыркы Башмыйзамда аялдар менен эркектер бирдей укуктарга ээ. Конституциялык сот балдарга төрөлгөндөн баштап энесинин атын бергенге уруксат берген жок. Башмыйзамга таянсак, төрөлгөндө эле бериши мүмкүн болчу. Бирок Конституциялык сот салттуулукту, кандайдыр бир ченемдерди эске алып, «бала 18 жашка чыккандан кийин өз тандоосу менен апасынын атына да каттала алат» дептир. Эми жарандык актылар жөнүндө эрежеге кайрылсак, буга чейин деле 16 жашка толгон жаран өз атын, атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу экени жазылган. Бул менен жарандык актыларга жарым-жартылай тактоо киргизилип жатат. Бирок турмушта мындай тажрыйба кеңири тараган эмес».

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Капалованын кадамын демократиянын бир көрүнүшү катары баалады. Анын айтымында, баланы эненин атына катоо боюнча кайрылуу тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Мындай учурда коомду тартипке салып туруу үчүн баарына бирдей мыйзамдар кабыл алынган, ар бир жаран ал мыйзам менен жашашы керек.

«Конституциялык сот мыйзам боюнча туура жооп берди. Себеби бала 16 жашка чыккандан кийин өзү каалаган атты фамилия кылып алганга укугу бар. Тарыхта мындай окуя болбогондуктан, «энесинин атына катталса болот экен» дегенден кийин коомдо чуу жаралды. Бул маселеге тереңирээк карай турган болсок, эмне себептен кыргыздар дайыма атасынын, болгондо да өзүнүн атасынын алып жүргөн деген суроо жаралат? Себеби саны аз улуттарда генофонду бузбай сактоо боюнча коркунуч бар. Ошондуктан кыргыздарда «жети атаңды сөзсүз билишиң керек» деген талап киргизилген. Анткени бир туугандар ортосунда никелешүү жүрүп кетсе, ден соолугунан мүмүнчүлүгү чектелген балдар төрөлүп, тукумга зыян келиши мүмкүн. Кыргыздар муну байыртадан эле билгендиктен, жети атадан өткөндөн кийин гана никелешүүгө боло турганы нарк катары кирип калган. Жакындан бери эле таятасынын атына жазылган учурлар каттала баштады. Буга чейин жубайлар урушуп кетеби, ажырашып кетеби, таштап кетеби, атасынын гана атын алып жүрчү. Кыргыздар тегин сурганда эле жетинчи атасын аташчу. Бул кыргыздын улуттук салтында катуу сакаталып, бир туугандар ортосунда нике жүрбөгөндүктөн кыргыздын генофондунда коркунуч сакталган эмес. Муну ушул калыбында улантуу — кыргыз элинин милдети. Биз эч убакта аралаштырып жибербешибиз керек. Капалова мунун медициналык жагын терең түшүнө билбегендиктен ушундай кадамдарга барып жатат деп ойлойм. Эртең дагы бир курбусу баласын өзүнүн атына каттатып алса, экөөнүн балдарынын атасы бир болсо, бирок балдары аны билбей баш кошуп алса, экөө бир тууган экенин билбей калат. Мына ушул жагдайды эненин атына катоону колдогондор түшүнбөй жатышат».

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев эненинин атына каттоо маселеси эмне себептен келип чыккандыгын тактап алып, ар бир жагдайды өзүнчө талдоо керектигин белгиледи. Ал өзү диний жана салттуулук жагын кармануу менен баланын ата тараптын ысымын алганын колдойт.

«Биз, биринчиден, диний көз караш менен айтабыз. Экинчиден, салттуулук маселеси бар. Кыргыз элинде «ата-баба», «Ата Мекен» делип, урпак маселеси атасынын атына жазылат. Диний тараптан пайгамбарыбызды ала турган болсок, ал деле ата тарабына көбүрөөк ишаарат берет. Эне тараптын эмес, ата тараптын ысымын алган. Эне тараптын ысымын берүү диний жактан да көп колдоого алынбайт. Кээ бирлери Мариямдын уулу Исаны мисал келтирет. Ал — өзгөчө абал. Иса пайгамбар — атасы жок Мариям энебизден Кудай Тааланын керемет, мужизасынан төрөлгөн пайгамбар. Ошондуктан аны ошол назар менен карай беребиз. Бирок жалгыз бой энеден никесиз төрөлүп калган болсо же атасы баш тартса, мындай учурларды өзүнчө да кароо керек. Кийин ошол бала энесинин атын алып жүрсө, эртеңки күнү биздин салттуу коомдо намыстанбайбы? Муну да терең изилдөө керек. Менин оюм боюнча, атасына катталганы жакшыраак болот».

Ошондой эле ал атасы жок болгон учурда аялдын агаларынын же атасынын ысымын алса туура болорун кошумчалады.

Буга чейин балдарынын документиндеги «атасынын аты» деген графага «энесинин атын» жаздыруу сунушу катталбагандыктан, баланы эненин атына каттоо эч бир мыйзамда жазылбаган. Эми бул жагдай боюнча укук коргоочулар менен юристтердин сунушу менен мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы жаралууда.

Exit mobile version