Connect with us

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда башталат

Кыска кабар | 3 Июл 2023 | 358 | 0

2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :

I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;

II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;

III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;

IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM