Марал Радиосу

Ошто жергиликтүү тургундан акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды (видео)

Ошто жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27 жаштагы А.у.К. жана 28 жаштагы Ж.у.Ч. аттуу жарандар коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча алып, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп туруусун талап кылышканы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын алкагында 29-июнда жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызмат укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.

Exit mobile version