Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын Фергана көчөсүндө 2-июль кечки саат 19:36да өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон Ош шаардык «Боорукердик үйүнүн» 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт менен күрөшүүгө саат 19:36да №12 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 19:50дө чектөөгө алынып, саат 21:11де толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.