Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору болгон «Эл аралык «Манас» аэропорту» «Асман Эйрлайнс» жаңы туунду авиакомпаниясын түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Маалыматка караганда, түзүлгөн «Асман» авиакомпаниясынын башкы директору болуп Жолдошбек Айдаралиев дайындалган.
Жолдошбек Айдаралиев ушул жылдын май айында «Эйр Кейджи» авиакомпаниясынын башкы директору болуп дайындалганын кошумчалайбыз. Бул авиакомпания быйыл үч жолу жетекчисин алмаштырып, кайра каттоо процедурасынан өтүп, уставдык капиталын 5,3 миллион сомдон 797,3 миллион сомго чейин өстүрүп, 148 эсеге көбөйткөн.