Марал Радиосу

Кыргызстанга Малайзиянын тышкы иштер министри келди

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 2-июлда Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министерлерин сүйлөшүүлөрү, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландалган.

Exit mobile version