Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал учурунда:
— унааны имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоону;
— электр чубалгылары турган жерге барбоону эскертет.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышуу керек.