Марал Радиосу

Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

2-3-июль күндөрү Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келет.

Расмий сапардын алкагында кыргыз-малайзиялык мамилелердин бардык тармакта кызматташуусун активдештирүү, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жолугушуулар пландаштырылган.

Exit mobile version