Марал Радиосу

Екатеринбургда энеси сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга жөнөтүлдү

Орусиянын Екатеринбург шаарында ата-энесинин камкордугусуз калган кыргызстандык сегиз жаштагы И.А аттуу бала 1-июлда мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Бул аракет Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун Эмгек министрлиги менен биргеликте ата-энесинин камкордугусуз калган өспүрүм кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча иштердин алкагында жүргүзүлдү.

Министрликтин маалыматына караганда, 2022-жылы Екатеринбургда кыргызстандык баланы апасы сатууга аракет кылгандыктан ал Свердлов районундагы мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесине убактылуу жайгаштырылган. Мындай аракети үчүн баланын энеси А.Н. 5 жылга эркинен ажыратылды.

Бул убакыттын ичинде Башкы консулдук тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жашы жете элек балага жана анын апасына карата соттук териштирүү жүрүп, баланы мекенине алып келүү жана Кыргызстанга кайтаруу үчүн документтерди тариздөө маселелери иштелип чыккан.

Маалыматтар боюнча, былтыр августта 36 жаштагы келин баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылганы белгилүү болгон.

Exit mobile version