Марал Радиосу

АКШда каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлөт

Тышкы иштер министрлиги 1-июлда АКШда кыргызстандык жаран кырсыктан каза болду деп айтылгандарга байланыштуу билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Учурда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу башкы консулдугу тарабынан бул маселе боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Алдын ала план боюнча шейшемби күнү маркумдун сөөгүн жакын туугандарынын коштоосунда мекенине жөнөтүү каралууда.

Буга чейин АКШда жүк ташуучу унаа айдаган кыргызстандык кырсыктан каза болгону белгилүү болгон.

Exit mobile version