Марал Радиосу

Баткенде 2,2 млн сомдук аткез жүк кармалды

«Баткен» бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды.

Кыргызстандын жараны Э.Д.Анын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүн кароо учурунда, ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек товарлары аныкталган.

Жүктүн жалпы салмагы 15 484 кг, орточо базар баасы 2 259 750 сомду түздү.

Материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.